Баетов — Кыргыз Республикасынын Нарын облусун Ак-Талаа районундагы айыл. Баетов айыл округунун курамына кирет. 1980-ж. чейин Дөрбөлжүн аталган. Бул айыл өкмөтүнө Баетов, Терек, Кайыңды-Булак, РТС участкалары да карайт. Терек суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Бишкектен 490, Балыкчы бекетинен 310км түштүк батышында, Нарындан 120км батыш тарапта жайгашкан. Калкы 9399 (2002-жылы). Айылда темир бетон буюмдар, сүт, нан заводдору иштейт. Үч фельдшер-акушердик пункт, дарыкана, бейтапкана, борборлоштурулган оорукана, 5 мончо, клуб, кинотеатр, маданият үйү, 4 орто мектеп, 1 кесиптик-техникалык окуу жайы, АТС, көптөгөн соода уюмдары, суу түтүктөрү жана башкалар бар. Айыл Муса Баетовдун ысымынан аталган.